Ысык-Көл облусунда кургак учук менен күрөшүүгө багытталган бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул багытта кургак учук менен күрөшүү айлыгын өткөрүү боюнча атайын иш-чаралар планынын бекитилиши жана райондук мамлекеттик администрация башчылары, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлери, облустук үй-бүлөлүк медицина, облустук кургак учук менен күрөшүү борборлору тарабынан иш-чаралар планын аткаруу боюнча милдеттүү түрдөгү чаралар көрүлүшү буюрулду.
Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусунда 2014-жылы кургак учук илдети менен ооругандардын 296 жаңы учуру катталса, 2013-жылы 319 оору табылган. Эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү күчөтүү максатында, калктын кургак учуктун жугушу жана андан сактануу жолдору боюнча маалыматын жогорулатуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан 24-март Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет.