Бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад шаарында кондоминиумдар жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, анда Жалал-Абад шаарын 1-марттан 1-июнга чейин жарыяланган көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын жакшыртуунун 3 айлыгы боюнча талкуу болду.
Шаардын вице-мэри Таирбек Чойбеков кыш айларынан кийинки шаар ичиндеги таштанды жана кар алдындагы чириндилерден тазалоо үчүн шаардын алгачкы ишембилиги 6-мартта уюштуруларын белгиледи.