“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарында 6/10 кВт жаңы кабель чубалгыларын куруу жана эскирген кабель чубалгыларын алмаштыруу ишин улантууда. Бишкек шаары боюнча 40 чакырымга жакын эскирген ток өткөргүчтөрдү алмаштырууга ишкананын эсебинен 20 миллион сом каралган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, азыркы убакта жаңы кабель тартуу үчүн траншея казуу иштери Кудрук көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жүргүзүлүп жатат. Мындан кийин жогорудагы иш-чаралар Үсөнбаев, Күрөңкеев, Фирсов көчөлөрүндө, Логвиненко, Жибек-Жолу, Медеров, Матросов, Жантөшев, Москва, Бейшеналиева, Чокморов көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульварында орун алат.
"1955-1994-жылдарда тартылган жогорку чыңалуудагы кабель чубалгылары өз мөөнөтүн иштеп бүттү. Азыр алардын өткөрүмдүүлүгү заманбап жүктөмгө туруштук бере албай жатат. Эске салсак, 2013-2014-жылдары ишкана борбор калаабызда 100 чакырымга жакын 6/10 кВт кабель чубалгыларын алмаштырган",- деп айтылат маалыматта.