Талас активисттери “Жер-Үй” алтын кенинин иштешине каршы

Бүгүн, 4-мартта "Талас кендердин иштешине каршы" коомунун мүчөлөрү Бишкекте “Жер-Үй” алтын кенинин иштешине каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Активисттер Талас облусунун элинин 85 пайызы “Жер-Үй” кенинин иштешине макул эмес экенин айтышты. “Жергиликтүү бийлик башчылары, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер гана макул, карапайым эл каршы. “Жаштар колдоп жатат” деп калп эле 10-15 жигитти чыгарып алып сүйлөтүп жатышат. Таласта бүгүн “дежурный” аксакалдар эмес, жаштар көбөйүп кетти. Жер-Үй биздин жайлообуз болгондуктан, биз алтындын казылуусуна каршы турабыз”,- дешти активисттер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан