Коомдук кыймыл: “Депутаттар кызматтык унаалардан жана башка чыгым алып келген жеңилдиктерден баш тартышсын!"

"Жалпы калкыбыздын жашоо деңгээли кейите турган абалда турганда эмнеге депутаттар элдин эсебинен олчойгон айлыктарды алып, кымбат унааларды тебиши керек? Депутаттар эл менен тең болушу керек". Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта маалымат жыйынында “ЖКнын депутаттарынын жеңилдиктери жана артыкчылыктары жоюлсун” аттуу коомдук кыймылынын өкүлү, юрист Тамерлан Ибраимов билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унааларынан баш тартуусу керек, алардын айлыктары кыскартылышы кажет.

“KG номурларынын эмне кереги бар, алар эмнеге элден башкача болушу керек? Аларга коомдук транспортто жүрүү бекер, демек, башка мамлекеттик кызматкерлер: мугалим, дарыгерлер сыяктуу жөө жүрүшсүн. Биз унаалардын кымбаттыгына каршы чыгып жаткан жокпуз, ошол эле бир унаага өзүнчө айдоочу, өзүнчө механик каралган, баары биригип аягында чоң сумманы чапчыйт.

Биз депутаттарга каралган 7 жеңилдик жана артыкчылыкка каршы чыгып жатабыз”,- дейт Ибраимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
beku85
2015-03-04 13:01:42
Эн туура камакта жаткан депутаттардын айлыгы эле 1млн сомдон ашып кетиптир эркиндикте жургондорго жол болсун.
0
Bektur2
2015-03-04 13:09:57
Эн туура эл окулдору да карапайым элдей эле жшаш керек
0
osor
2015-03-04 13:19:30
Туура
0
Dinakg
2015-03-04 13:45:20
Кошулам.Депутаттардын ар биринин жеке унаалары бар,эл катары оз чондогунон чыгымдап,оз унаасы менен журушсун.Ансыз да мамлекеттин эсебинен пайда коруп журушот.
0
zman53
2015-03-04 14:20:38
Алга Тамерлан!Биз сени эки колдоп колдойбуз.Кошумча - бул кундо бизга 120 депутаттын кереги барбы?Себеби депутаттар толугу менен эч качан чогушпайт.
0
SherhaN
2015-03-04 14:39:38
туура алар эмне учун элдин эсебинен жашаш керек?
0
Beka90
2015-03-04 15:38:27
Мындай корунуш бардык эле мамлекеттерде барда, дупуттар кымбат машинада журушу.
0
al79mi
2015-03-04 16:15:53
Ой койгула туугандар "БАЙКУШ" депутаттарга убал болуп кетет го. Андан коро айлыгын жана аларга корсотулуучу артыкчылыктарын эки-уч эсеге кобойтуп берели. Кыргыз калкынын эн эле "КЕДЕЙ" катмары ушулар. Озулору эптеп-септеп иштемиш этип депутат (жепжутат) болуп журушсо.
0
uulay
2015-03-04 16:30:58
Бирден жигули алып берип койуш кк,анан жолдорду ондой башташат. Жигули да жалко буларга.
0
chynara77
2015-03-04 16:53:06
Болушунча акчасын чачып депутат болууга жондон жон аракет кылышпайт да,кайра топтоп алам дешет,ошон учун женилдиктери кыскартылса акча иштеп алам дегендер эмес,элим жерим дегендер келе баштайт беле парламентке
0
april
2015-03-04 17:00:24
100 эмес 200% кошулам, эгер кымбат машинада жургулору келсе сатып алышсын оздору,мамлекеттин эсебинен пайдаланбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан