"Дарыгердин жаңылыштыгынан улам 18 жаштагы уулум үч жарым айдан бери комада жатат" дейт апасы

"Дарыгердин жаңылыштыгынан 18 жаштагы уулум Жавогир Тургунбаев үч жарым айдан ашуун убакыттан бери комада жатат",- деп билдирди SUPER.KG порталына Жавогирдин апасы Феруза Байжонова.

Учурда Бишкектеги М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун жандандыруу бөлүмүндө уулун карап жаткан Феруза Байжонова окуяны баяндап берди:

“Уулум борбор калаадагы окуу жайлардын биринде 1-курста окуп жаткан. 4-ноябрда ашказанынан кан кетип, достору М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып келишкен. Ал 5 күн дарыланып, ден соолугу жакшы болуп, басып калган. 10-ноябрда баламды дарылап жаткан аталган борбордун дарыгери Эрнис Алыбаев "Жавогирге операция жасайбыз" деп күйөөмө телефон чалды. Биз Лейлекте жашагандыктан, "бир күн операция жасабай тургула, борборго барып калабыз" дегенбиз. Бирок ал сөзүбүз четке кагылып, балам каршы болгонуна карабай операция жасалып, баламдын каны аз болгондуктан, мээсине кан жетпей комага түшүп калды. Биз эртеси жетип келгенибизде уулумдун абалы начар болчу, колу-буту кыймылдабай калыптыр. Азыр дарынын күчү менен кыймылга келди. Буту-колу чыгып кеткендиктен, дарыгерлерден травматолог чакыртканбыз, бирок ал өтүнүчүбүз аткарылбай келет. Күнүгө нөөмөттөгү врач кан басымын текшерип коёт, андан башка жардам жок. Жата берип буттары, жамбашы оюлуп, жара болуп кетти. Күнүгө жалаягына, дары-дармек, тамак-ашына миңдеген акча сарптап жатабыз. Акчага күйгөн жерибиз жок, болгону жалгыз уулумдан ажырагым келбейт”.

Жавогир Тургунбаевге операция жасаган дарыгер Эрнис Алыбаев: “Жавогир биздин ооруканага кансырап келген. 1,5 жарым литр каны калганда канды токтотконбуз. Анын уруксаты менен ийгиликтүү операция жасалган. жандандыруу бөлүмүндө 1 сааттан кийин ойгонуп, 2-3 саат сүйлөп жаткан. Бир дарыга аллергия болуп, жүрөгү токтоп калган. 3 мүнөттөн кийин жүрөгүнүн согушу калыбына келтирилген. Бирок баш мээси начар иштеп, комада жатып калды. Кайсы дары экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги териштирип жатат”,- деп билдирди.

Жавогир Тургунбаевдин жактоочусу Кубанычбек Абдыкеримов бул окуяны КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, прокуратура териштирип жатканын айтат. "Операцияга катыштыгы бар Алмагүл Газиевна менен Курбан Абраимович кызматтан бошотулган. Анализдер соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Эгерде күнөө дарыгерлерден кеткендиги аныкталса, анын негизинде кылмыш иши козголот. Биз жигитти аман алып калуу үчүн КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен Түркияга барып дарылатып келүү үчүн квота сурап кайрылып жатабыз”,- деп кошумчалады адвокат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bema_bema
2015-03-04 17:37:45
Ээ кудай ай ,шыпаасын берип жакшы болуп кетсин
+2
Bakulya79
2015-03-04 20:41:12
Жакшы болуп кет.
0
Sadyrov_n93
2015-03-04 22:32:24
Бечара ии,айыгып кетсе экен байкуш,апасына эле кыйын болду да.
0
Shaa-82
2015-03-05 17:48:56
Дарыдан аллергия берип журогу токтоп калганын биринчи жолу угуп атам тообо. операцияны ата эненин уруксаты же озунун уруксаты менен гана кылчу элего эмне акысы бар экен эптеп акча алгысы келгенго врач да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан