Кечээ, 3-март күнү бир катар түрк басылмалары кыргыз жериндеги эшек чуусу боюнча жазышкан. Анда «Себат» билим берүү мекемесинин эки кызматкери Махмут Янманлар жана Ахмет Али Арслан эшек этин Бишкектеги эт сатуучу жайларга жана «Себат» билим берүү лицейлерине сатышканы айтылган. Ошондой эле түрк басылмалары Токмок шаарындагы окуучулардын уулануусу дал ушул эшек этинен болгонун жазган.
Бул боюнча Бишкектеги «Себат» билим берүү мекемесинин жетекчилигине кайрылганыбызда: «Махмут Янманлар жана Ахмет Али Арслан деген адамдар бизде иштеген эмес. Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Токмоктогу уулануу быштактан болгонун билдирген. Биз эч качан таза эмес тамак-аш продукцияларын албайбыз. Бардык лицейлер жеткирүүчүлөр менен келишимдин негизинде иш алып барышат. Алардын продукциялары ветеринардык жана санитардык кызматтардын текшерүүсүнөн өткөн соң бизге келет. Бул каралоо боюнча сотко кайрылабыз»,- деп билдиришти.