“Бүбүмариям Муса кызы "Манасты" бурмалоодо”,- деп билдирди “7-апрель күчтөрү” коомдук бирикмесинин мүчөсү Чынара Жамгырчиева. Бул тууралуу 4-мартта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, Бүбүмариям Муса кызы белгисиз бирөөлөрдүн каражаты менен “Айкөл Манас” деген 10 томдук китеп чыгарып, кыргыз мамлекетине акысыз таратып жиберген. “Бул китеп менен "Манастын" буга чейинки варианттарын жокко чыгарып, "40 чоронун бири Жайсаңдын арбагы менен түшүмдө сүйлөшүп жазганмын" деп коомчулукка таркатып жиберген. Бул китепти окуу куралы катары колдонууга экс-министр Канат Садыков тарабынан кол коюлган экен. Азыр китеп Кыргыз-Орус Славян университетинде колдонулуп жатат. Китеп 2011-жылы чыкканда экс-президент Роза Отунбаева каршы болуп, китеп басмаканадан артка кайтарылган, кийин аталышын өзгөртүп басмаканадан чыгарып жиберишкен. Ошондой эле китепке порнографияны аралаштырып жазган. Азыр мен аны айтып берүүдөн уялам. Андан сырткары Бүбүмариям Муса кызы түшүндө Жайсаң менен орусча сүйлөшүп жазыптыр”,- деди Жамгырчиева.