Активисттер Бүбүмариям Муса кызынын 10 томдук "Айкөл Манас" китебин жокко чыгаруу боюнча президентке кайрылышат

7-апрель күчтөрү жана “Кыргызстан аялдары” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 4-мартта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында Бүбүмариям Муса кызынын 10 томдук "Айкөл Манас" китебин сынга алып чыгышты. Маалымат жыйында алар Бүбүмариям Муса кызы манасчы Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттарын четке кагып, "Манасты" бурмалап жатканына нааразы болушту. Ошондой эле Бүбүмариям Муса кызы түшүндө Манастын чоролорунун бири Жайсаң менен сүйлөшүп, анын айтып бергени боюнча Манас менен Каныкейдин сүрөтүн тартканын көрсөтүштү. Андан сырткары мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылып, аталган китепти жокко чыгаруу керектигин айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Саби
2015-03-04 17:33:39
Демек,биздин тупку ата-тегибиздин коздору чоон,каштары ороктой болгон экен да.Бул китепти окуганга кызыгып калдым.Бул китеп Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевтын айтканынан эмнеси менен айырмаланат экен?
0
Begimkyz
2015-03-04 19:07:43
Саби, алардын айткандарынын тескериси экен да.
0
Zarema94
2015-03-04 21:56:49
Чын эле филиппке окш0п калыптыр. Ойкул деп озбекчего кыргызча эмес!
0
Zarema94
2015-03-04 21:58:00
Угли деп озбекчего
0
Aidar.001
2015-03-05 00:42:06
Башка макалада эжени Жайсан мн тушундо орусча суйлошуптур деп турат го, ошондо эжеге Жайсан адашып Филиптин чон атасынын фотосун корсотуп алды бекен
+4
semakg
2015-03-05 01:45:31
Aidar.001, ха ха ха сенда боорду эзесинго?
0
sergo
2015-03-05 04:29:42
Хахахаха коменттерди окуй электе Филип Киркоровко деген элем эже скорее всего Филиптин куйорманы болсо керек))))))
0
sergo
2015-03-05 04:31:33
Вообще кыргыздар чачы кызгылт ону ак жумал анан козубуз кок деп айтылып журотго тарыхта мен манасты кара каш деп элестетбейм.
+1
nursultan93
2015-03-05 07:09:07
маначы
0
kapitan050868
2015-03-05 08:07:57
уят айланайындар Манас атанын арбагына асылбагыла.
0
Bektur2
2015-03-05 14:01:10
Сагынбай,Саякбай аталарыбаздын Манасты айтканына эчкимдики жетпейт
+1
Мэри
2015-03-05 22:41:34
Бул китеп боюнча буга чейин 2-3 жыл мурун илимий конференция болуп, анда резолюция кабыл алынган. Маалымат үчүн окуп койсоңор (эринбей окуп чыксаңар жакшы болмок): http://www.super.kg/kabar/news/103533/
+1
Мэри
2015-03-05 22:49:19
Туура баамдагансыңар, сүрөттөрдөн кыргыз жүзү, кыргыз түсү байкалбайт. Муну аталган автордун кайсы бир сектанын мүчөсү болуп, ошолордун идеологиясын жүргүзүп келген деген сөздөр менен байланыштуу го деп ойлоого болот.Китепте да кыргызга таандык эмес, эпоско тиешеси жок нерселер бар делет.Эң башкысы, улуу эпосубуздун классикалык вариантын бурмалоого аябай аракет болгон. А бул китептин 10 томдугу, ар бир тому 1000 нускадан кем эмес чыккан,ошондо мынча каражатты кайдан тапкан, ким каржылаган?
+2
Мэри
2015-03-05 22:56:11
А мындагы сүрөттөр окурманды өзүнө тартпай эле, кайра качырат, коркунучтуу. Муну менен автор "Манастагы" каармандардын "жаңы образын" ушундай жоопкерсиздик менен берип койгон.Биз эпостун түп нускасын, классикалык вариантын окуганда, андагы Герцендин сүрөттөрүнө кандай тартылчу элек, ошол доорду элестетип, кошо жашап, менимче, чыгарманын күчү ушундай болуш керек...
0
Мэри
2015-03-05 23:05:30
Аталган конференция, андагы кабыл алынган резолюция,биздин улуу инсандарыбыздын аракети менен бул автордун ишмердүүлүгүнө, аталган китепке карата чара көрүлгөн деген ишеничтемин.Ооба, тилекке каршы, 10 жыл бою китеби жалпы Кыргызстанга тарап, башка тилдерге которулуп, каармандардын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлуп келген экен.Ошондо бул китепти идеалдуу деп кабыл алып,андагы берилгендерге ишенип алгандар да жок эмес болуш керек.Бирок маалыматка ээ болгондон кийин пикирлерин өзгөртүшөт деп ойлойм.
0
Мэри
2015-03-05 23:14:07
Андыктан "Манас" эпосу, Манас үчүн күйгөндөр, жалпы кыргыз эли эми кабатырланбай эле койсо болот, анткени "душмандардын" чыныгы жүзү ачылып, кимдин ким экени, кандай максатты көздөшкөнү белгилүү болуп калган. Эми ага мындан кийин жол берилбейт, улуу "Манасыбызды" коргоп алчулар бар деп ишенимдүү айтууга болот.
0
Abdyrawit
2016-07-01 13:19:32
Кандайдыр бир чара колдонсо жакшы болмок.чын эле мынча каражатты ким каржылады экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан