Бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу шаарынын мэри шаардык кеңештеги депутаттардын аздыгынан улам шайланбай калды. Бул тууралуу аталган шаардын аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Белгилеп кетсек, мэр шайлоого 31 депутаттын ичинен 3 гана депутат келген. Шаар мэрин кайрадан шайлоо күнүн борбордук шайлоо комиссиясы белгилемекчи.