Нарын облусунда малдын кутурма оорусу катталып, ооруну жайылтпоо аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагында Жибек-Жолу айылынын тургуну С.Тойгоновдун букасы 5-мартта кутурма оорусуна чалдыккан деген шек менен өлтүрүлгөн. Ошондой эле Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек кыштоосундагы малчы Н.Турдукожоевдин 1 кой жана 1 эчкисин түлкү тиштеп, булар да кутурма оорусун жуктурушу мүмкүн деп айтылып жаткан.
Ооруган малдардын кутурма оорусуна кабылган-кабылбаганын билүү максатында ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык баштары кесилип, Республикалык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлүп, 10-мартта экспертизанын жыйынтыгында кутурма оорусу экени аныкталды. 11-март күнү Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын №51-буйругу чыгарылып, Сары-Иймек кыштоосуна жана Жибек-Жолу айылына кутурма оорусу жайылып кетпөө үчүн чектөө киргизилген. 13-март күнү Ак-Сай өрөөнүнүн Сары-Иймек кыштоосунда катталган кутурма оорусунун жайылып кетпөөсүнө карата жер аянты дезинфекцияланып, 6 адамга алгачкы вакцинация иштери жүргүзүлүүдө. Малдарды эмдөө үчүн 1000 доза вакцина алынып келинген, 133 баш майда жандыкка, 36 баш топозго, 10 жылкыга эмдөө иштери аткарылган.
Кара-Суу айыл аймагына караштуу Жибек-Жолу айылында 50 метр чарчы жер аянты дезинфекцияланып, 5 адамга алгачкы вакцинация иштери жүргүзүлүүдө. Малдарды эмдөө үчүн 3000 доза вакцина алынып келинген.
14-мартта эмдөө иштери улантылат.