Борбордук аянтта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 17-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон саясий өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Ошондой эле премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюшту. 
Эске салсак, 2002-жылы эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан