Окумуштуу Бейшен Иманакуновдун 85 жылдык мааракеси өттү

16-мартта белгилүү академик, химия илимдеринин доктору, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника жаатындагы КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бейшен Иманакуновдун 85 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Ага КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ы.Р.Досбаев, КРнын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.А.Муратов, окумуштуулар, академиктин шакирттери катышты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Иш-чарага келгендер Бейшен Иманакуновдун илимге зарыл эмгектерди жасагандыгын, ал эмгектери пайдаланылып жаткандыгы, актуалдуулугу, мунун баарын окумуштуунун сүйүктүү ишине берилгендигинин белгиси катары баалашып, маараке ээсине чың ден соолук, алдыдагы иштерине көп ийгиликтерди каалашты. 

“Кыргыз элинин беделдүү окумуштуусу, чыгаан уулу, академик куттуу курак 85 жашка чыгып отурат. Окумуштуу кыргыз жериндеги алтынды өндүрүүдөгү маселелерге байланышкан бир топ эмгектерди жасап келе жатат. Бул жагынан Бейшен Иманакунович илимге жана өндүрүшкө чоң салым кошкон окумуштуулардан”,- деди Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан