Бүгүн, 17-марттагы маалымат жыйынында "Сенти" каржы компаниясынын директору Нелли Симонова: "Мен дээрлик 10 жылдан бери "Шоро" компаниясынын жетекчилигин баалуу кагаздарды чыгарууга көндүрүп келдим",- деп билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын жүргүзүлгөн сурамжылоодо "Шоро" компаниясы кыргыз жарандары акча салгысы келген компаниялардын сап башында турары көрсөтүлгөн. "Мындан улам мен ишкананын жетекчилигине баалуу кагаздарды чыгаруу керектигин сунуштап келгем. Баалуу кагаздарды чыгаруу - кардарларды тартуучу жолдордун бири. Азыр алты компаниянын кайрылуусу каралып жатат. "Шоро" компаниясында физикалык инвесторлордун саны көп. Алгачкы жолу баалуу кагаздарды жүгүртүү 2011-жылы 45 миллион сом болгон. Экинчиси 23 миллион сом болуп, 2013-жылдын 4-мартында аяктаган. Облигациялар чыгарылган күнү эле сатылган",- деди Симонова.
"Шоро" компаниясынын башкы директору Нурбек Атаканов баалуу кагаздарды жүгүртүү (эмиссия) биринчи жолу ийгиликтүү аяктаганы ишкананын экинчи эмиссияга барууга түрткү бергенин айтат.
"Баалуу кагаздарды айлантуу "Шоро" компаниясынын ири инвесторлордун катарына киришине түрткү болуп, ишкананын өнүгүүсүндө жаңы деңгээлге чыгышына шарт түздү. Фонд рыногу аркылуу эки облигацияны жүгүртүүгө чыгаруудан "Шоро" компаниясы кошумча 68 миллион сом каражат тапты. Жыйынтыгында биринчи баалуу кагазды чыгаруудан киреше 60 пайызга өстү",- деди.
"Шоро" компаниясы 1992-жылдын 25-майынан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компания азык-түлүк жана улуттук суусундуктарды чыгаруу боюнча өлкө аймагында алдынкы орунда турат.