“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Нооруз майрамына карата Каракол шаарындагы жана анын айланасындагы райондордун тургундары үчүн чоң
майрам уюштурду. Иш-чаранын алкагында ат оюндары менен биргеликте концерт өтүп, майрамдык салтанат жакшы маанай менен коштолду.
Белгилей кетсек, буга чейин ат оюндарын көрүү үчүн
ат майданга мынча эл чогулган эмес. Расмий эмес маалымат
боюнча, улуттук ат оюндарын көрүү үчүн 20 миңден ашуун эл чогулуп,
татыктуу таймаштарга күбө болду. 18-мартта башталган көк бөрү оюну
Нооруз күнү жыйынтыкталып, эң мыкты команда баш байгени - автоунааны утуп
алды.