Назира Усеналиева Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун директорунун орун басары болуп дайындалды
Усеналиева Назира Сагындыковна мурда ээлеген кызматынан
бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча фондусунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду. Ал эми буга чейин бул кызматты ээлеген Алмазбек Примов башка жумушка которулгандыгы үчүн жумуштан бошотулду.