Биз социалдык тармакта

Гарри Кейн: Академиялардан четтетилген баладан "Алтын топтун" ээсине чейин

Германиянын "Бавария" футбол клубунун чабуулчусу, Англия курама командасынын капитаны Гарри Кейн 2026-жылкы "Алтын топ" сыйлыгынын ээси болду. Ал 2025-2026-жылкы мезгилде клубу жана курама командасы үчүн бардык мелдештерде 73 гол киргизди. Футболчу үчүн дүйнөлүк футболдун мыктыларынын бири болуу оңой болгон жок.

Бала кезинде бир нече футбол академиясынан четтетилген Кейн талыкпаган эмгеги менен Англиянын тарыхындагы эң мыкты бомбардирлердин бирине айланды.

Ал 1993-жылы 28-июлда Англиянын Лондон шаарындагы Уолтемстоу аймагында төрөлгөн. Кийин үй-бүлөсү менен Чингфордго көчүп барган. 6 жашынан тартып "Риджуэй Роверс" командасында футбол ойной баштаган. 8 жашында "Арсеналдын" академиясына кабыл алынганы менен, 1 жылдан кийин андан чыгарылган. Кийин "Тоттенхэмдин" академиясына тандоодон өтүүгө аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес. 2004-жылы кайрадан "Тоттенхэмге" кошулуп, жаштар курамында машыга баштаган.

Футболчунун "Тоттенхэм" футбол клубундагы рекорддору

Гарри Кейн профессионалдык карьерасын "Тоттенхэм" футбол клубунда баштады. Бирок алгачкы жылдары негизги курамдан туруктуу орун ала алган эмес. Тажрыйба топтоо үчүн "Лейтон Ориент", "Миллуолл", "Норвич Сити" жана "Лестер Сити" клубдарында ижара шартында ойногон.

2014-2015-жылдардагы сезондо Кейн өзүн көрсөтүп, Англия Премьер-лигасында 21 гол киргизген. Кийин ал 3 жолу бул чемпиондуктун мыкты бомбардири аталган. 2019-жылы "Тоттенхэм" Чемпиондор лигасынын финалына чыгып, бирок "Ливерпулга" 0:2 эсебинде утулган. Кейн клубда ойногон жылдары бардык мелдештерде 280 гол киргизип, анын тарыхындагы эң мыкты бомбардирге айланган. Ошого карабастан команда менен ири кубок жеңе алган эмес.

"Бавария" футбол клубуна өтүшү жана алгачкы кубоктору

Гарри Кейндин карьерасындагы маанилүү бурулуштардын бири анын 2023-жылы Германиянын "Бавария" клубуна өтүшү болду. Алгачкы сезондо эле Бундеслигада 36 гол киргизип, чемпиондуктун мыкты бомбардири аталды. Ошондой эле Европанын улуттук чемпиондуктарында эң көп гол киргизген футболчуга берилүүчү "Алтын бут кийим" сыйлыгын алды.

Бирок ошол жылы "Бавария" Германиянын чемпиондугун жеңе алган эмес. Кейн көптөн күткөн командалык кубогуна 2025-жылы гана жетти. "Бавария" Бундеслиганын чемпиону болуп, футболчу карьерасындагы алгачкы ири командалык кубогун жеңип алды. 2025-2026-жылдардагы сезондо команда Германиянын чемпиондугун, өлкө кубогун жана Суперкубогун жеңди. Кейн бардык мелдештерде клубу үчүн 61 гол киргизип, Англиянын улуттук курамасында дагы 12 гол жаратты.

Англиянын улуттук курамасындагы жетишкендиктери

Футболчу Англиянын негизги улуттук курамасында 2015-жылы дебют жасаган. Литвага каршы беттеште алмаштыруудан кийин талаага чыгып, көп өтпөй гол киргизген. 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Англиянын капитаны болгон. Турнирде 6 гол киргизип, мыкты бомбардирге берилүүчү "Алтын бут кийим" сыйлыгын жеңип алган. Ошол учурда Англия жарым финалга чейин жеткен.
2023-жылы Кейн Италияга каршы гол киргизип, Англиянын улуттук курамасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардирге айланды. Ал Уэйн Рунинин 53 голдук рекордун жаңырткан. 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Англия 3-орунду ээлеп, Кейн 6 гол киргизди. Бул Англиянын 1966-жылдан берки дүйнөлүк чемпиондуктардагы эң мыкты жыйынтыгы болду.

Көп жылдык аракетинин жыйынтыгы

2026-жылдын 26-октябрында Гарри Кейн "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алды. Ал 2001-жылы Майкл Оуэнден кийин бул сыйлыкка татыган алгачкы англиялык футболчу. Кейн 2025-2026-жылдардагы сезондо Бундеслиганын мыкты бомбардири наамын 3-жолу катары менен жеңип, Чемпиондор лигасында 14 гол киргизди. "Бавария" менен жетишкен ийгиликтери жана Англиянын курамасындагы көрсөткүчтөрү анын дүйнөнүн мыкты футболчусу аталышына өбөлгө түздү.

Кейн "Алтын топтон" тышкары сезондун мыкты чабуулчусуна берилүүчү Герд Мюллер сыйлыгын да алды.

Жеке жашоосу

Гарри Кейн жубайы Кэти Гудланд менен бир мектепте окушуп, бала кезинен тааныш. Жубайлар 2019-жылы баш кошушкан. Учурда 2 кыз жана 2 уулду тарбиялап келишет.

Футболчу тууралуу кызыктуу фактылар:

  • "Тоттенхэмдин" тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчу;
  • Америкалык футболго кызыгат жана Том Брэдини кумир тутат;
  • 2019-жылы футболго кошкон салымы үчүн Британ империясынын ордени менен сыйланган;
  • 2022-жылы балдар менен өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгын колдоого багытталган фондун негиздеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан