“Манас” эл аралык аэропортунун аймагында курула турган мечиттин ордунда комплекстүү инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер курулуш аянтчасынын геологиялык шарттарын жана топурактын өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн 22 метр тереңдикке чейин бургулоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле топурактын физикалык-механикалык касиеттери жана көтөрүмдүүлүгү динамикалык зонддоо аркылуу бааланган.
Долбоорго ылайык, мечиттин жалпы аянты 1 миң 500 чарчы метрди түзүп, бир учурда болжол менен 2 миң адамды кабыл алууга ылайыкталат.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы мечитти долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга негиз болот.