15-февралда Бишкектеги С.Чуйков атындагы музейде сүрөтчү Сабиджан Бабажановдун “Кышкы күн желе” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Мында сүрөтчүнүн жаңы тартылган жана өздүк архивиндеги 100дөй эмгеги көрүүчүлөргө тартууланды. “Ар бир сүрөтүмдүн өзүнүн тарыхы бар. Бүгүнкү көргөзмөгө көбүнчө табияттын кооздугун чагылдырган сүрөттөр коюлду. Өзүңөр билгендей, быйыл кыш өзгөчө суук болду. Ошондуктан мен жазды эртерээк чакыруунун максатында алгач кыштын күңүрт көрүнүштөрүн тарттым, андан соң жаздын келе жатканын жагымдуу бир жаңылык иретинде көрүүчүлөргө сунуштап жатам”,- деди Бабажанов. Айта кетсек, бул көргөзмө 2 аптага уланмакчы.
1. Сүрөтчү - Сабиджан Бабажанов.