Кемин районундагы аймактык оорукана күнү-түнү дебей бейтаптарды кабыл алат. Бейтаптардын саны арбын болгондуктан, райондук ооруканадагы жабдуулардын жана эмеректердин жетишсиздиги да курч. Бул көйгөйдү чечүү максатында кечээ жакында райондук ооруканада “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан бир палата толугу менен жасалгаланды. Мындай иштер бүткүл өлкө аймагы боюнча жасалып келет. Анын натыйжасында бир нече ооруканада шарттар жакшырды. Бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн жасалган камкордук быйыл эле эмес, бир нече жылдан бери уланып келүүдө.