Чүй облусунун Москва районуна караштуу 1-Май айылында төрт кабаттуу үйдүн курулганына 40 жыл болду. Бирок имарат ушул убакка чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Акыркы 12 жылдан бери имараттын чатырынан суу агып, үйдүн тургундарынын жашоо шарты кейиштүү абалга келген.
Жергиликтүү жашоочулардын маселени чечүү максатында какпаган эшиги калбаган. Үмүтү үзүлүп жаткан элге Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кол сунуп, маселени бир айга жетпеген аралыкта чечти. Өз үйүнөн безип калган тургундардын коломтосунун отун улап, учурда төбөсү түшкөн имараттын чатырын жаап берди. Жылдар бою сыздап келген элдин жакшы жашоого ишеничи жаралды. Ал эми үйдүн тургуну Адолат Заипова "ыйыбызды уга турган адам табылды" деп депутатка терең ыраазычылыгын билдирди.