“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун жардамы менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылына 100 миллион сомдон ашык инвестиция тартылды. Азыркы тапта бул каражаттын эсебинен Базар-Коргон району боюнча алты мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Мындай маалыматтар партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев баштаган топтун Кызыл-Үңкүр айылынын эли менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Кыш оор келген бул аймактын эли үчүн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы көктөм майрамын уюштуруп, иш-чара спорттук мелдеш жана концерттик программа менен коштолду. Айта кетчү нерсе, аталган айылдын бюджети 2 миллион сомду түзөт, ал эми алты мектептин курулушу аталган аймактын келечек муунуна чоң салымын кошмокчу.