Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйынында Араван райондук маданият бөлүмү «Алдынкы маданият бөлүмү» деп табылды. Бул тууралуу КРнын Маданият жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аталган коллегиянын жыйынында Араван райондук маданият бөлүмү өкүлчүлүктүн диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.