Бүгүн, 16-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Андан соң депутаттар башкы прокурорго өз сунуштарын айтышты. Депутат Дастан Жумабеков чет өлкөлөрдө абакта отурган кыргыз жарандарын мекенине экстрадициялоо маселесин чечүүнү талап кылды.
Турсунбай Бакир уулу токтоп калган иштерди кайра жандандырууну сунуштаса, Туратбек Мадылбеков анын Аида Салянованын тагдырын кайталабашын тилеп жатканын билдирди.