Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Малыматка караганда, мындай чечим Тайланддын Пхукет шаарында өткөн Азия Футбол конфедерациясынын Футзал жана кум үстүндөгү футбол боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Азия Кубогу 2028-жылы 24-январдан 6-февралга чейин болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстан футзал боюнча Азия Кубогунун финалдык баскычын тарыхта биринчи жолу кабыл алат. Ал эми футзал боюнча улуттук курама команда Азия Кубогундагы эң жогорку жетишкендигине 2005-жылы жетип, коло медалга ээ болгон.