Кечээ, 26-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында тротуарда бара жаткан окуучуну унаа сүзүп кеткен жол кырсыгы боюнча облустук ЖКККБдан маалымат берилди.
Маалымдалгандай, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын 75 жаштагы айдоочусу артка айдап жатып, 12 жаштагы өспүрүмдү сүзүп алды. Натыйжада, өспүрүм Куршаб аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин айдоочу унаасын артка айдап жатып тротуарда бара жаткан эки окуучунун бирин тебелеп кеткени тартылган видео тараган.