Баткен облусуна акыркы 15 жылда инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого 15 миллиард сомдой каражат жумшалды. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 17-апрелде Баткен облусунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чарада айтты.
"Аталган сумманын 10 миллиард сому акыркы 5 жылда берилди. 1999-жылы облус жаңы түзүлгөндө аймакта жыйналган салыктын көлөмү 76 миллион сом болчу, 2014-жылдын жыйынтыгында бул сумма 1 миллиард сомдон ашты. Облусту өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн өкмөт дайыма аракет кылат. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кириши менен облустун экспорттук мүмкүнчүлүгүн күчөтүү керек",- деди Сарпашев.