"Алымбек датканын 215 жылдыгына арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлүшү керек",- деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 17-апрелде уюштуруу комитетинин жыйынында. Алымбек датканын кыргыз тарыхында ээлеген орду өзгөчө экенин, анын кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө кошкон салымын коомчулукка жеткирүү керектигин белгиледи вице-премьер.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов буларды билдирди:
"Майрамдык иш-чараларды бардык облус, райондордо өткөрүү пландалууда. Музейде көргөзмөлөр, театралдык көрүнүштөр, илимий-практикалык конференциялар орун алат".
Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.