Президент Казакстандагы жол кырсыгында каза тапкан кыргыз жарандарынын жакындарына акча бөлүүгө буйрук берди

Бүгүн, 20-апрелде президент Алмазбек Атамбаев 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунда автокырсыктан каза тапкан кыргыз жарандарынын жакындарына көңүл айтты. SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин билдиришинче, мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчы маркумдардын жакындарына керек болгон каражаттарды президенттик фонддон бөлүп берүү боюнча буйрук берди. Каражат канча суммада берилери азырынча чечиле элек. 

Эскерте кетсек, 19-апрелде Казакстандын аймагында ири жол кырсыгы катталып, 15 адам каза тапкан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан