Бишкекте "Кыргыз Республикасынын аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмү жана коопсуздугу" деген темада тегерек стол өтүп, анда күйүүчү май ташуу жана сатуу тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. Жыйын уюштурууга айдоочулардан түшкөн арыздардын көптүгү себеп болгону, көпчүлүк айдоочулар бензиндин сапатына нааразы болуп жатышканы айтылды.
Тегерек столдо унааларга май куюу тартиби, автоунаага май куюучу жайлардагы тейлөө, күйүүчү майлоочу материалдарды сатууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.
Аталган агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев айдоочу шектенген учурда бензиндин сапатын текшерүү үчүн кыймылдуу лабораторияларды уюштурууну, кардарлардын укугу бузулган учурда кайда кайрылышы керектигин көрсөткөн маалыматтык бурч түзүүнү сунуштады.