Эксперттик топ миграция тармагында 10 жылда жетишүү керек болгон 4 максатты атады

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев 17-апрелде 2025-жылга чейин кыргыз мамлекетинин миграциялык саясатынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча эксперттер менен жолугушту. Министрликтин маалыматы боюнча, жолугушууда эксперттик топ өкмөт 10 жыл аралыгында жетиши керек болгон 4 максатты аныктады. Алар:
1. Чет мамлекетке кетип жаткан жумушчулардын агымы туруктуу кыскарышы керек. Сыртта иштегендердин санынын азайышы өлкөдө жаңы түзүлчү иш орундарынын эсебинен толукталышы керек. Башкача айтканда, кыргыз жеринде татыктуу иш орундарын түзүү.
2. Урбанизация процесси күчөп, жаңы иш орундарын шаардык инфраструктуранын курулушу менен бир мезгилде кичи шаарларда пайда кылуу. 
3. Улуттук рынокту коргоо жана инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү. 
4. Гуманитардык миграция: мекендештер, кайрылмандар, качкындар, кулчулуктун курмандыктары менен байланышты күчөтүү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан