"Аферисттик компаниялар мамлекеттик тендерлерди утуп алышып, мектептерди сапатсыз курушууда",- деди депутат Алмазбек Батырбеков. Мындай пикирин ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, таза курулуш компаниялары тендерлерге катышуудан баш тартышууда. Анткени Эсептөө палатасы текшерүүлөргө алып убаракерчиликке салып жатат. "Мындан улам тендерлерге катышкан аферисттик ишканалар утуп алышууда. Ошондуктан өкмөт таза компанияларга ыңгайлуу шарттарды түзүү механизмдерин иштеп чыгышы керек",- деди Батырбеков.
Айта кетсек, бул жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берди.