18-апрелде Ош шаарында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагын таштандылардан арылтуу боюнча ишембилик өттү. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага Ош шаарындагы кесиптик-техникалык лицейлердин жана орто мектептердин окуучулары катышты.
"Аталган иш-чаранын алкагында "Сулайман-Тоо" музей-комплекси жөнүндө сынак өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы №13-кесиптик-техникалык лицейдин окуучулары жеңүүчү болуп, атайын байгелер менен сыйланышты",- деп айтылат маалыматта