Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту угулду. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев былтыр кыргыз мамлекетинин экономикасында орун алган кыйынчылыктарга токтолуп, өкмөттүн аларды чечүү жаатында жетишкен ийгиликтери менен кетирген кемчиликтерин атады.
Жыйында өкмөттүн азыркы курамынын ишине бир катар сын-пикирлер айтылды. Депутат Сайдулла Нышанов Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын азыркы жетекчисинин маселеси ушул кезге чейин чечилбей жатканын айтты. Жыйынтыгында комитет премьер-министрдин отчётун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.