Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында өкмөт 2014-жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат. Депутат Турсунбай Бакир уулу премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылып, былтыр таза иштегенин баса белгиледи. "Өкмөт башчылыкка талапкерлигиңизди колдобой жатканымда, мага келип "колдоп кой" деп сурангансыз. Ошондо мен сизге бир гана сөз айткам, "таза иштеңиз" деп. Сиз ишенимди актадыңыз",- деди Бакир уулу.
Андан соң депутат өкмөт башчыдан "Кыргызгаз" ишканасын орусиялык "Газпромго" өткөрүү боюнча пикирин сурады. Ж.Оторбаев "Кыргызгазпромдун" дүйнөдө эң мыкты ишкана болушу күтүлүүдө",- деп жооп берди.