Францияда Борбор Азиядагы миграция боюнча конференция өткөрүү маселелери талкууланды

Жогорку Кеңештин делегациясы Францияда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын катчылыгынын жетекчиси
А.Ноллингер жана Миграция жана теңчилик департаментинин жетекчиси А.Накило менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан 23-апрелде билдиришкендей, депутаттар Кыргыз Республикасы өзү үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш болгон Европа кеңеши жана ЕКПА менен болгон мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берерин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө быйыл июнь айында Бишкек шаарында Борбор Азиядагы миграция маселелери боюнча конференция өткөрүү маселелери талкууланды. Бул иш-чарага ЕКПАнын, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Орусиянын 35 парламент өкүлү катышуусу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан