Төрага
Асылбек Жээнбеков "өкмөт башчынын кызматтан кетүүсү трагедия эмес, демократиялуу өлкөлөрдө бул кадимкидей эле көрүнүш" деп билдирди Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында. Жээнбеков
Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсүнө "Кумтөр" маселеси түрткү болгонун айтты.
"Сиз "Кумтөр" боюнча 50х50 келишимине макул болбой, "Кудай сактаптыр" деп айттыңыз. Сиздин өкмөт башчылыктан кетүүңүзгө ушул "Кумтөр" себеп болду. Анткени өкмөт мүчөлөрү сиздин позицияңызды колдошкон жок. Сиз эле эмес, сизге чейинки өкмөт башчылар да чече алышкан эмес. Бирок бул кадамыңыз үчүн мен сизди сыйлайм. Бул трагедия эмес, тескерисинче, сиз кыргыз мамлекетинде жаңы саясий маданиятты түптөдүңүз",- деди Жээнбеков.