Президент билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариеваны кабыл алды

Бүгүн, 27-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Сариева президентке мектептердин базистик окуу планын иштеп чыгуу, мугалимдерди колдоо жана предмет стандарттарын жаңылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Министрдин милдеттерин аткаруучу жогорку билим берүүнү реформалоо тууралуу кеп кылып, билим берүү тармагында коррупцияга каршы күрөшүүдө маанилүү кадам болгон "бир жогорку окуу жай - бир юридикалык жак" принциби боюнча ушул окуу жылдын аягына чейин жогорку окуу жайлардын санын кыскартууга тапшырма берилгенин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүү тармагында реформалардын жүрүшүнүн маанисине өзгөчө токтолуп, кайра түзүүлөр коррупцияны жоюуга жана мамлекетте билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатууга багытталышы керек экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан