Депутат Ташполот Балтабаев мамлекеттик мекемелерди коррупция менен күрөшүү жолун сунуштабаганы үчүн сынга алды

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 27-апрелдеги отурумунда мамлекеттик мекемелер 2014-жылы коррупция менен күрөшүү аракеттери боюнча отчёт берип жатышат.

Маалыматтарды уккан соң депутат Ташполот Балтабаев мекемелер бир гана статистикалык маалыматтарды даярдап келишкенин айтып, алардын ишин сынга алды. "Кармадык, кылмыш ишин козгодук, бошоттук" деп айттыңар. Бирок коррупциянын жолун тосуу үчүн сунуштарды уккан жокмун. Жыл сайын жөн гана статистика болуп жатат. Президентке, парламентке кандай ыкмаларды сунуштайт элеңер?"- деп кайрылды Балтабаев.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын өкүлү атайын жумушчу топ тиешелүү сунуштарды даярдап бергенин айтты. "Ар бир тармакта коррупциялык көрүнүштөр бар. Ар бир тармакка өзгөчө сунуштар даярдалган",- деп жооп берди УКМКнын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан