Алмазбек Атамбаев Непалдын президентине көңүл айтты

Бүгүн, 27-апрелде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 25-апрель күнү Непалдагы көп адамдын өмүрүн алган жер титирөө кырсыгына байланыштуу өлкө президенти Рам Баран Ядавга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин баарынын тезирээк айыгып кетишине тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле Атамбаев Непалдын элин мындай оор кырдаалда кайраттуу болууга чакырды. 

Айта кетсек, 25-апрель күнү Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта жайгашкан. 26-апрель күнү да жер титирөө кайталанып, күчү 6,7 баллга жеткен. Кырсыктан курман болгондордун саны 3200дөн ашып, жаракат алгандар 1 миллионго жакын экени айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан