Жер силкинүү болуп, 4 миңден ашык адамынан ажыраган Непал мамлекетинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар-жогун тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 28-апрелде
SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү билдирди. Анын айтымында, буга чейин Непалда кыргыз жарандарынын иштеп, жашап жүргөнү маалымдалгандыгынан улам алардын санын тактоо керек.
"Буга чейин Непалда кыргыз мамлекетинин жарандары болушу мүмкүн экени маалымдалган, бирок кайсы аймагында экени белгисиз. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, зилзаладан жабыр тарткан кыргыз жарандарынын жок экени айтылды. Бул өлкөдө биздин элчилик жок болгондуктан, тактоо иштери Индиядагы элчилик аркылуу жүргүзүлүп жатат",- деп билдирди басма сөз өкүлү.
Айта кетсек, Непалда 25-апрель күнү күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталып, 30га чукул району уранды астында калган. Кырсыктан 4 миңден ашуун адам каза болуп, бир нече миңи оор жаракат алган эле.