Феликс Кулов Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө керек болгон негиздерди атады

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Отурумда депутат Феликс Кулов КРнын Конституциясын өзгөртүүгө керек болгон негиздерди таап, тизмелеп берди.
Анын айтымында, Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси сунушталганда саясий серепчилер жана эксперттер Убактылуу өкмөттүн декретине таянып, Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөө керектигин айтышууда. "Бирок Баш мыйзамда эл бийликтин бутагы экени жазылган. Ошондуктан Конституцияны өзгөртүү демилгеси референдум аркылуу чечилет. Президент да бул тууралуу пикирин айткан. Ал Конституцияны өзгөртүүдө президенттин ыйгарым укуктарын жогорулатпоо керектигин билдирген",- деди Кулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан