Феликс Кулов педофилдерди өлүм жазасына тартууга макул

Депутат Феликс Кулов балдарга карата зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган адамдарды өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзамды Конституцияга киргизүүгө макулдугун билдирди. Муну ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын кеңейтилген жыйынында айтты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым мыйзамдарын өзгөртүү маселеси каралып жатат. Анын жүрүшүндө педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча суроону депутат Дастан Бекешев берди. 
Айта кетсек, бүгүн Бишкекте педофилдерге каршы тынч митинг өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан