"Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө чечими Бакиевдер тарабынан реваншисттик аракеттерден коркуудан кабыл алынган",- деди Жогорку Кеңештеги фракциялардын 28-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу.
Анын айтымында, ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эмес. "Бирок майда-чүйдөлөрүнө токтолбой, негизги пункттарын жазышыбыз керек. Мисалы, парламентти түзүүдө Украина жана Орусиянын тажрыйбасын алышыбыз керек. Мыйзам чыгаруучу органдын 50 пайызы партиялык тизме менен, 50 пайызы мажоритардык тизме менен түзүлсүн. Ушундай кылсак аймактардын мыкты өкүлдөрү Жогорку Кеңешке келишет",- деди депутат.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда.