Бүгүн, 28-апрелде вице-спикер Асия Сасыкбаева Нидерланды Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хенри Хуберт Дриссер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, вице-спикер демократиялык өзгөрүүлөрдү жана социалдык-экономикалык реформаларды алдыга жылдыруу жаатында кыргыз өлкөсүнө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Нидерланды өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.
"1993-жылдан тартып Нидерланды кыргыз жергесине айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, институционалдык жана макроэкономикалык жардам, саламаттык сактоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында көмөк көрсөтүп келатат",- деди вице-спикер. Асия Сасыкбаева элчини жана Нидерланды элин улуттук майрам болгон Падышанын күнү менен куттуктады.
Ошондой эле Сасыкбаева жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө азыр жүрүп жаткан коомдук-саясий өзгөрүүлөр тууралуу кыскача айтып берип, быйыл таза жана ачык парламенттик шайлоону камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Хенри Хуберт Дриссер кыргыз өлкөсү менен Нидерландынын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө, демократиялык принциптерди сактоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.