ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте куруучулар жөө адамдар өтүүчү жолдун жарымын ээлеп алышты

Бишкектеги Максим Горький сейил багынын жанында көп кабаттуу үйдүн куруучулары жөө адамдар өтүүчү жолдун жарымын ээлеп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде окурманыбыз WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Исанов көчөсүн бойлой жайгашкан жөө адамдар өтүүчү жол буга чейин асфальтталып турган. 

Азыр ал жерде төшөлгөн асфальт сындырылып, 1 метрлик ичке жолго айланган. Бул көрүнүш канчалык мыйзамдуу?”- дейт окурманыбыз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nursultan1
2015-04-29 12:53:24
Бул мыйзам ченемдуу эле көрүнүш.
-2
admin_portal
2015-04-29 16:38:51
Uli6886, саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aidar.001
2015-04-29 21:28:31
Адамдардын коопсуздугу учун тосмону чонойтушкан болсо керек,азмаз ичинерди кененирээк коюп, сабыр кармап турсанар ал жерде футбол ойноп отуп каласынар.
0
bakyt_2015
2015-04-29 21:55:13
Кыргызстандын 25жылдык оз алдынчалыгында эми аран кабаттуу уйлор салына баштаса эми ага да асыла баштадыкпы.Суроттогуну айтып жаткан болсон татынакай мыйзамдуу эле иш алып барып жатышкан экен.Автор курулуш журуп жаткан шаар коргонбу деги.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан