"Токтогул ГЭСинин жабдуулары бузулбайт" деп бүгүнкү күндө эч ким кепилдик бере албайт",- деп билдирди парламенттин 29-апрелдеги жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу
Кубанычбек Турдубаев. Министрликтин башчысы ГЭСтин жабдуулары эскирип бүткөнүн айтат.
"ГЭСтин жабдуулары 25 жылга ылайыкталган. Андагы жабдуулар өзүнүн жарамдуу мөөнөтүнөн кескин өтүп кетти. Биз тез-тезден текшерүү жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салып турган үчүн ГЭС үзгүлтүксүз иштеп жатат",- деп билдирди Турдубаев.
Министрдин милдетин аткаруучу ГЭСтен быйыл суу уурдалбай турганын, анткени суунун агымын көзөмөлдөө үчүн видеокамералар иштеп жатканын белгиледи.