Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Улуттук банкынын башчысын кабыл алды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алды. Тараптар банк жана каржы тармагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты, түрдүү эл аралык каржы институттарынын алкагында мамилени улантуунун келечегин талкуулашты. 
Йордан эки өлкөнүн Улуттук банктары көп жылдан бери активдүү кызматташып, биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Швейцарияга жасаган иш сапары ишкердик чөйрөдөгү алаканы жандантарын айтты. 
Алмазбек Атамбаев көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Швейцария тарапка ыраазычылык билдирип, каржы жаатында аталган өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүү маанилүү экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан