Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков 29-апрелде Япониянын тышкы иштеринин парламенттик вице-министри
Кентаро
Соноураны кабыл алды. Жээнбеков достук жана өнөктөштүк мамилелерге таянган өлкөлөр
ортосундагы кызматташтык ырааттуу
өнүгүп жатканын, буга тараптардын жогорку деңгээлдеги иш
сапарларынын активдешүүсү: президент
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы Японияга, ал эми Япониянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы
Ф.Кишиданын
2014-жылы кыргыз жерине жасаган иш сапарлары көмөкчү болгонун айтты.
"Мындай жолугушуулар өз ара мамилелерибиздин тереңдеши менен
кеңейишине, парламенттер аралык байланыштардын бекемделишине, парламентаризмди
калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууга кыйла
күчтүү түрткү берди",- деди Жээнбеков.
Тараптар кыргыз мамлекетиндеги парламенттик демократиянын
жетишкендиктери, аны андан ары өнүктүрүү, жаңы технологиялардын жардамы менен
өткөрүлө турган парламенттик шайлоо тууралуу пикир алышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.