Кыргыз жериндеги айдоочулардын баары автоунаасын сөзсүз камсыздандырууга милдеттендирилгени жатат

Кыргыз жериндеги айдоочулардын баарын автоунаасын сөзсүз камсыздандырууга милдеттендире турган мыйзам долбоору сунушталды. Демилге бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында каралууда. Демилгечинин айтымында, мыйзам кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө карата сунушталып жатат. "Автоунааны камсыздандыруу үчүн ар бир айдоочу жылына орточо 2000 сомдон төлөйт. Оор жүк ташуучу унааларга 3000 сомго чейин болушу мүмкүн. Негизи, автоунаанын абалына, чыккан жылына карата эсептелет. Мындай төлөмдөрдөн жылына жалпы 2 миллиард сом топтолот. Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандыруучу компания жабырлануучу катары эсептелген айдоочуга 200 миң сомго чейин төлөп берет",- деп билдирди Каржылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов.  
Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 17 камсыздандыруучу компания бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан